Редакцияот 24.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 ТОКТОМ

Жаңы-Алай айылдык кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз XXVII- сессиясы

 

2023-жылдын 24-январы № 27/4

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетинин өздүк кирешесинен 1476,3 миң сом калган калдык акча каражатын 2023-жылдын бюджетине иштетүү жөнүндө

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетинин өздүк кирешесинен калган калдык акча каражатын 2023-жылдын бюджетине иштетүү боюнча Жаны-Алай айылдык Кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Н.Арапбаеванын жана айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевдин билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап Жаны-Алай айылдык кеңеши

 

токтом кылат:

1. Жаңы-Алай  айыл өкмөтүнүн  2023-жылдын 1-январына карата 2022-жылдан пайдаланылбай калган 1476,3 миң сом(анын ичинен атайын каражаттар-113,0миң сом) калдык  акча каражатын 2023-жылдын  бюджетиннин киреше жана чыгаша бөлүгүнө кошумча киргизилсин.

2.  Айылдык Кеңештин сессиясында талкууланган 2023-жылдын 1-январына карата 2022-жылдан пайдаланылбай калган 1476,3 миң сом(анын ичинен атайын каражаттар-113,0миң сом)  акча каражаты 2023-жылдын  бюджетиннин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн сметасына кошумча киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын  финансы министрлигинин Алай башкармалыгынан суралсын.

 

3. Жогорудагы бекитилген толуктоолорду өз максатында чыгымдоо жагын көзөмөлдөө  айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүнө милдеттендирилсин.

 

Жаны-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы :

 

М. Макенов