Редакцияот 28.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОЛПОН-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаттарынын XXX чакырылышынын кезектеги XXXII сессиясы

 

2023-жылдын 28-декабрындагы №30/32-14

 

Чолпон-Ата шаарынын символикаларын иштеп чыгуу жөнүндө

 

Чолпон-Ата шаарынын вице-мэри М.Койгелдиевдин маалыматын угуп, Чолпон-Ата шаардык кеңешинин “Депутаттык этика, мыйзамдуулук жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 22-декабрындагы отурумунун чечимин карап чыгып, талкуулап Чолпон-Ата шаардык кеңеши

Токтом кылат:

1.    Чолпон-Ата шаарынын символикаларын (герб, желек) Чолпон-Ата шаардык мэриясы тарабынан кайра иштеп чыгууга макулдук берилсин.

2.    Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Чолпон-Ата шаарынын мэри А.Т.Турдубековго жүктөлсүн.

3.    Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана мамлекеттик каттоо реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.

4.    Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы Чолпон-Ата шаардык кеңешинин “Депутаттык этика, мыйзамдуулук жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Б.С.Бакиров