ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Алай айылдык кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз XXVII- сессиясы
2023-жылдын 24-январы № 27/7
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Алай айылынын Ынтымак көчөсүндө жайгашкан Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн административдик конторасынын жер аянты менен имаратынын максаттуу багытын №23 “Жаңы-Алай” мектепке чейинки билим берүү мекемесине берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 12-беренесинин 1-2-пунктары жана 32-беренесинин 4-пунктуна ылайык, №5-01-11-1001-0042 коду менен катталган, Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн административдик конторасынын 3115,20 чарчы метр жер аянты менен имаратынын максаттуу багытын өзгөртүү боюнча Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Э.Тажибаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Жаңы-Алай айылдык кеңеши
токтом кылам:
1. Жаңы-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Алай айылынын Ынтымак көчөсүндө жайгашкан Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн административдик конторасынын 3115,20 жер аянты менен имаратынын максаттуу багыты өзгөртүлүп, №23 “Жаңы-Алай” мектепке чейинки билим берүү мекемесине чектелип берилсин.
2. Бул токтомдун негизинде тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Алай районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынан жана “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Алай филиалынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жер адиси Ж.Раманкуловага, көзмөлдөөнү өз көзөмөлүмө аламын.
Жаны-Алай айылдык кеңешинин төрагасы : |
М. Макенов |