Редакцияот 24.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 ТОКТОМ

Жаңы-Алай айылдык кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз XXVII- сессиясы

 

2023-жылдын 24-январы № 27/8

Коомчулуктардагы айылдарынын инвестициялык ассоциациясынын ( ИАСС) уставын бекитүү жөнүндө

 

Коомчулуктардагы айылдарынын инвестициялык ассоциациясынын ( ИАСС)  уставы конференцияда талкууланып, жалпы элдин пикирин эске алуу менен кабыл алынгандыгын жана ушул уставды сессияда бекитип берүү тууралуу маселени угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы  “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү ”

№ 101 мыйзамынын 31-беренесине ылайык Жаңы-Алай  айылдык кеңеши                                                                        

токтом кылат:

                                              

1.            Коомчулуктардагы айылдардын инвестициялыкассоциациясынын уставы бекитилсин ( устав тиркелет).

2. Коомчулуктардагы айылдардын инвестициялыкассоциациясы айылдык кеңеште каттоого алынсын.

            3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу инвестиция тартуу жана долбоорлор менен иштөө маалымат берүүчү адис Э.Дурсуматовага, көзөмөлдөө айыл чарба, жерге жайгаштыруу агрардык саясат, инвестиция тартуу, ишкердүүлүк уюмдар менен иштөө туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 

 

Жаны-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы :

 

М. Макенов

Ош  областынын Алай  районунун

Жаны-Алай  айылдык аймагынын

Айылдык коомчулуктун инвестициялыкассоциациясынын

У С Т А В Ы

 

 

I.Жалпы жоболор

1.    Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органы катары түзүлгөн Айылдык коомчулуктун инвестициялыкАссоциациясынын толук аталышы:

-        Мамлекеттик тилде: Ош  областынын, Алай  районунун,  Жаны-Алай айылдык аймагынын «Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясы»;

-        расмийтилде: «Инвестиционная ассоциация селских сообществ» Жаны-Алайского айыльного аймака  Алайского  района Ошской области.

  1. Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын кыскартылган аталышы:

-        мамлекеттиктилде: Жаны-Алай  айылдык аймагынын АКИА;

-        расмийтилде: ИАСС  Жаны-Алайского  айыльного аймака.

  1. Жаны-Алай айылдык аймагынын Айылдык  коомчулуктун инвестициялык Ассоциациясынын (мындан ары АКИА) юридикалыкдареги: КыргызРеспубликасы,  Ош областы, Алай  району, Жаны-Алай  айылы, Умаров көчөсү.
  2. АКИА өзишмердүүлүгүн Жаны-Алай  айылды каймагында жүргүзөт.
  3. АКИА ныништөөмөөнөтүчектелбейт.

6.    АКИА аймактык коомдукж ергиликтүү өзалдынча башкаруу органы катары өз ишкердигинде Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин нормативдик укуктук актыларына, тийиштүү кеңештин жана алардын аткаруучу-тескөөчү органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларды нтоктомдору менен буйруктарына жанаКыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 10-октябрындагы № 625 токтому менен бекитилгенЖобого, ошондой эле өздөрүнүнУставына  жана чечимдеринетаянат.

7.    АКИА аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы катары өз статусун ал жергиликтүү кеңеште эсептик каттоого алынган учурдан баштап алат. Эсептик каттоого туруу үчүн АКИА айылдык кеңешке өз мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунунчечимин (протоколун), Уставын тапшырат.

8.    АКИА өз ишинде аны түзгөн жергиликтүү коомчулуктун мүчөлөрүнө жана аны каттаган айылдык кеңешке отчет берет.

II. АКИАнынмаксаттарыжанаиш-милдеттери

  1. АКИАнын түзүлүү максаттары:

-        Социалдык-экономикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө коомчулуктарды тартуу;

-        Кызмат көрсөтүүлөрдү өркүндөтүүгө, ишкердүүлүктү өнүктүрүүгө коомчулуктарды тартуу;

-        Калктын активдүүлүгүн жогорулатуу жана чечим кабыл алуупроцесстерине катышуусун арттыруу.

  1. АКИАныниш-милдеттери:

-        Жергиликтүү аймактын социалдык-экономикалык программасын иштеп чыгууга, аны жаңылоого жана ишке ашырууга катышуу, көмөктөшүү;

-        Жергиликтүүаймактынсоциалдык –экономикалык инфраструктурасына байланыштуу көйгөйлөрдү аныктоого жана чечүүгө катышуу, көмөктөшүү;

-        Жергиликтүү коомчулук тарабынан аныкталган көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган жергиликтүү жамааттын долбоордук сунуштарын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу, көмөктөшүү;

-        эл аралыкжана жергиликтүү донордук уюмдар, финансалык институттар менен иштешүү, алардан жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүү үчүн каражаттары/инвестицияларды тартуу;

-        мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарында, соттордо жана башка мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мекемелерде коомдун кызыкчылыктарын, өздөрүнүн укуктарын, ал аймакта жашаган граждандардын мыйзамдуу таламдарынын атынан чыгуу жана коргоо;

-        жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын чечимдеринин аткарылышына жардамдашуу;

-        аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аймагында ишканаларды, өндүрүштүк жана социалдык-маданий багыттагы башка ишканалар менен обьекттерди куруу жана кеңейтүү, соода, коомдук тамактануу, тиричиликтик тейлөө ишканаларын жана башка социалдык-маданий мекемелерди жайгаштыруу үчүн жер бөлүү маселеси, алардын иштөө режимдери боюнча маселелерде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жардамдашуу;

-        курулуш куруунун, турак жайлык имараттарды пайдалануунун, турак үйлөрдү жана үйдүн жанындагы аймактарды күтүүнүн, өрт коопсуздугунун эрежелеринин жана санитардык нормалардын сакталышына, жердин, суунун жана башка табигый ресурстардын сарамжалдуу пайдаланылышына коомдук көзөмөл жүргүзүү, тийиштүү органдарга аныкталган кемчиликтерди жоюу жөнүндө сунуштарды киргизүү;

-        коомдук турмуштун ар кыл маселелери боюнча демилге көтөрүү, мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарына сунуштарды киргизүү;

-        калкка жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын АКИАнын сунушу боюнча же анын катышуусу менен кабыл алынган чечимдери жөнүндө кабарлоо;

-        жергиликтүү жарандардын кызыкчылыгына тикелей таасир тийгизген маселелер боюнча чечимдерди даярдоодо жана кабыл алууда мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жүргүзгөн кеңеш берүүлөргө жана талкууларга катышуу;

-        Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген жана айылдык аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган ар кандай башка иш-аракеттерди жүргүзүү.