Редакцияот 13.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 ТОКТОМ

Жаңы-Алай айылдык кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз XXVII- сессиясы

 

2023-жылдын 13-марты № 28/1

Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январындагы №30 «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамынын 6-беренесинин 5-подпунктуна ылайык, жайыттардын абалына мониторинг жүргүзүп Жаңы-Алай айылдык кеңеши

 

токтом кылат:

1. 2023-жылга жайыт пайдалануучуларга бир баш малга жайыт акысы төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.

1) Бир баш бодо малга 100  сом, сырттан келген  малга 150 сом;

2) Бир баш жылкыга 100 сом, сырттан келген жылкыларга 150 сом;

Бир баш майда жандыкка 20 сом, сырттан келген майда жандыкка 40 сом;

2. Жайыт комитетинин 2023-жыл үчүн планы 20 000 сомго  бекитилсин.

3. Элдин малын баккан малчыларга жайыт акыларын убагында төгүү боюнча алдын ала эскертүүлөрдү берүү жана жайыт акысын убагында төлөбөгөн мал багуучуларга мыйзам чегинде айып пулдар салынсын.

4. Жайыт комитетине жайыттарды  пайдалануу боюнча аткарыла турган  баардык иш чаралар Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январындагы №30 «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамынын негизинде жүргүзүү милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарба, жерге жайгаштыруу жана  агрардык саясат, инвестиция тартуу, ишкердүүлүк уюмдар менен иштөө туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Жаны-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы :

 

М. Макенов