ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Алай айылдык кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз 29- сессиясы
2023-жылдын 14-апрели № 29/1
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн аймагындагы билим берүү мектептериндеги Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамдарынын аткарылышынын абалы жөнүндө
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн аймагындагы билим берүү мектептериндеги билим сапаты, окуучуларга берилген ысык тамак жана бүтүрүүчү класстардын ЖТРга даярдыгы. Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамдарынын аткарылышынын абалы жөнүндө №42 С.Ашимов жана №43 И.Умаров атындагы орто мектептеринин директорлорунун маалыматын угуп жана талкуулап, Жаңы-Алай айылдык кеңеши
токтом кылат:
1. №42 С.Ашимов, №43 И.Умаров атындагы орто мектептериндеги билим сапаты, окуучуларга берилген ысык тамак жана бүтүрүүчү класстардын ЖТРга даярдыгы Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамдарынын аткарылышынын абалы жөнүндө мектеп директорлорунун берген маалыматтары эске алынсын.
2. Билим берүү тармагында окуучуларга инновациялык билим берүү, алдыңкы билим сапатына ээ кылуу, окуучуларды райондук, облустук олимпиадаларга катышууга жана ЖРТ тестерде алдыңкы орундарды камсыз кылуусуна көмөк көрсөтүү жагы мектеп директорлоруна милдеттендирилсин.
3. Мектептерде ысык тамак берүүдө санитардык-гигиеналык абалын жакшыртуу, ашканада балдарга тамак берилүүчү жайлардын баардык санитардык номаларды сактоо менен уюштуруу мектеп директорлоруна тапшырылып, көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы Н.Тажибаевге милдеттендирилсин.
4. Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 13-январындагы “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” № 3 Мыйзамынын 12-беренесинин негизинде, №43 И.Умаров атындагы орто мектебинин директору В.Кайыпованын кызмат ордун кароо сунушталсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө укук тартиби, этика, мыйзамдуулук жана социалдык-маданий маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Жаны-Алай айылдык кеңешинин төрагасы : |
М. Макенов |