Редакцияот 14.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 ТОКТОМ

Жаңы-Алай айылдык кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз 29- сессиясы

 

2023-жылдын 14-апрели № 29/2

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн аймагындагы №5 ҮДТнун, ФАПтын аткарып жаткан иштеринин абалы жөнүндө

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн аймагындагы №5 ҮДТнун, ФАПтын аткарып жаткан иштеринин абалы жөнүндө №5 ҮДТнун врачынын берген маалыматын угуп жана талкуулап, Жаңы-Алай айылдык кеңеши

токтом кылат:

1. Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн аймагындагы №5 ҮДТнун, ФАПтын аткарып жаткан иштеринин абалы жөнүндө №5 ҮДТнун врачынын берген маалыматы эске алынсын.

2. Медиицналык тейлөөнү өркүндөтүү, кайрылган жарандарга сылык мамиледе болуп, өз учурунда медицианалык кызмат көрсөтүүнү колго алуу, кош бойлуу аялдардын үйлөрүнө чейин барып көзөмөлгө алуу, кош бойлуу учурунда ден-соолугуна өзгөчө кам көрүүнү камсыз кылуу жагы    №5 ҮДТнун врачы Эшмамат кызы Каныкейге милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө укук тартиби, этика, мыйзамдуулук жана социалдык-маданий маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

Жаны-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы :

 

М. Макенов