ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Алай айылдык кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз 29- сессиясы
2023-жылдын 14-апрели № 29/4
«Муздаткыч» жабдуусун Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн балансына алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамынын 34-беренесинин 5-пунктуна ылайык жана Жаңы-Алай айылдык кеңешинин регламентинин 2-главасына ылайык, Жаңы-Алай айылдык кеңеши
токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамынын 34-беренесинин 5-пунктуна ылайык жана Жаңы-Алай айылдык кеңешинин регламентинин 2-главасына ылайык, Ош облустук өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен келген 2 980 000 сомдук “Муздаткыч” жабдуусу Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн балансына алынсын.
2. 2 980 000 сомдук “Муздаткыч” жабдуусу “Кыргызиндустрия” ААКна Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн үлүшү катары өткөрүлүп берилсин.
3. Тиешелүү иш кагазадары менен баланска кабыл алуу иштерин жүргүзүү, аны көзөмөлдөө Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевге тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Жаны-Алай айылдык кеңешинин төрагасы : |
М. Макенов |