Редакцияот 06.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 ТОКТОМ

Жаңы-Алай айылдык кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз 30- сессиясы

 

2023-жылдын 6-июлу № 30/3

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Жаңы-Алай айылында жайгашкан 2,0 га кайра бөлүштүрүү фондунун жерин өндүрүшкө которуу жөнүндө

«Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин жана Жаңы-Алай айыл өкмөтүнун башчысы Н.Тажибаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Жаңы-Алай айылдык кеңеши 

 

токтом кылат: 

1. «Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Жаңы-Алай айылында жайгашкан 2,0га  кайра бөлүштүрүү фондунун жерин өндүрүшкө которуу сунушу жактырылсын.

2. Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык, белгиленген тартипте ишке ашыруу Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевге жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарба, жерге жайгаштыруу жана  агрардык саясат, инвестиция тартуу, ишкердүүлүк уюмдар менен иштөө туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Жаны-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы :

 

М. Макенов