Редакцияот 06.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXII сессиясы

2023-жылдын 6-сентябры № 2

Кошумча план алууга жана жаңы калктуу конуштарга электр мамычаларын сатып алууга уруксат берүү жөнүндө

Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 05.09.2023-жылдагы №01-19/918 чыгыш сандуу 1-пунктунда 2023-жылдын 4-августтундагы комерциялык багытындагы жерлерге өткөрүлгөн аукциондон түшкөн 347 130 (үч жүз кырк жети миң бир жүз отуз) сом акча каражатына кошумча план алууга жана калктуу конуштарга электр мамыча алып берүүгө уруксат берүү жөнүндө кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXII сессиясы токтом кылат:

 

1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 05.09.2023-жылдагы №01-19/918 чыгыш сандуу кайрылуусунун 1-пункту эске алынсын.

2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн атайын каражаттар эсеп-счётуна 2023-жылдын 4-августтундагы комерциялык багытындагы жерлерге өткөрүлгөн аукциондон түшкөн 347 130 (үч жүз кырк жети миң бир жүз отуз) сом акча каражатына кошумча план алууга жана калктуу конуштарга электр мамыча алып берүүгө уруксат берилсин.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик

укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго тапшырылсын.

 

 Төрага:

М.Ш. Аликеев