Редакцияот 28.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НАРИМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы

2023-жылдын 28-сентябры № 19/2

 “Балдар турмуштун-гулдөрү!”- Каратай   айылында жайгашкан балдар спорттук оюн-зоок аянтынын курулушу  жөнүндөгү долбоорду бекитүү жөнүндө

 

            Нариман айыл аймагынын жергиликтүү аймакты өнүктүрүү стратегиясын жана инвестициялык планын иш

теп чыгуу боюнча демилгелүү топтун жетекчиси (Н.Жусуев). Нариман айыл аймагын 2022-2026-жылдарга социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн бекитилген программасына ылайык, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү, парктардын, спорттук жана эс алуучу жайларынын иштешин камсыз кылуу, бош убакытты өткөрүү үчүн шарттарды түзүү максатында Нариман айылдык кеңеши

 

               ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1.   “Балдар- турмуштун гүлдөрү”-Нариман айыл аймагынын Каратай айылына балдардын спорттук оюн-зоок аянтчасын куруу” долбоордук сунушу тийиштүү сметалар менен бекитилсин.

-долбоордун жалпы суммасы-1 000 000 сом.

-жергиликтүү бюджеттен 20% чейин, жалпы долбоордук суммадан

 

2.    Демилгелүү мониторинг тобунун төмөнкү курамы бекитилсин.

- Н.Джусуев- Демилгелүү топтун жетекчиси

-М.Сайдазимов- Нариман айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы

-У.Уринбаев – Нариман айыл өкмөтүнүн салык бөлүмүнүн башчысы

-К.Караев- стат-экономист

-Т.Расулов- ВУС инспектору

-М.Султанов- Нариман айылдык кеңешинин депутаты

-Н.Каленбаева- Нариман айылдык кеңешинин депутаты

3.   Долбоордун жетекчиси (Н.Джусуев) Кыргыз Республикасынын Ош облусун өнуктүрүү фондунан “Балдар-турмуштун гүлдөрү!”- долбоорун ишке ашыруу үчүн инвестиция тартуу максатында инвестициялык долборду  иштеп чыгуу боюнча чараларды көрүү Каратай айылы даярдалган долбоордук сунушту райондук конкурстук комиссияга өз убагында берүүнү камсыз кылсын.

 

4.   Нариман айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнүн башчысы “Балдар турмуштун –гүлдөрү!”-Каратай айылындагы балдардын спорттук оюн-зоок аянтчасын куруу” долбоорун биргелешип каржылоого каражат тапсын. Долбоордун жалпы наркынан 20% өлчөмүндө жергиликтүү бюджеттин каражатынан.

 

5.   Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Нариман айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Т.Токтосуновго жүктөлсүн.

 

 

Нариман айылдык

кеңешинин төрайымы

 

Х. Ш. Артыкова