Редакцияот 28.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НАРИМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы

2023-жылдын 28-сентябры № 19/3

Администрациялык аймактык реформа жөнүндө

       Кыргыз Республикасынын административдик- аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан ары чаралар жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы №350 сандуу Жарлыгын ишке ашыруу максатында Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айылдык кеңеши

 

   ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.   Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагы “Манас” айыл аймагы деп аталсын.

      2.    Бул токтомдун бир нускасы Кара-Суу райондук Мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.

      3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук , укук тартипти чыңдоо, кеңештин иштери жана депутаттык адеп боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Нариман айылдык

кеңешинин төрайымы

 

Х. Ш. Артыкова