ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орловка шаарынын кеңешинин ХХVIII чакырылышынын XXIV кезексиз сессиясы
2023-жылдын 29-сентябры № 123/24-28
Жер тилкенин максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 12-беренесине ылайык, ошондой эле Кашка айылынын тургуну А.К.Абираевдин коду 7-05-03-1003-0050 жалпы аянты 501,30 кв.м өздүк жер тилкесинин максаттуу багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө арызын карап жана талкуулап чыгып мамлекеттик акт боюнча Кашка айылы, Восточная көчөсү №3а дарегинде жайгашкан, Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Мечит куруу үчүн жеке турак жай курулушунун жерлеринен Восточная көчөсү №3а дарегиндеги өздүк жер тилкесинин максаттуу багытын өзгөртүүгө макулдук берилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы - Б.М.Шакировго жана Орловка шаарынын мэри - Б.А.Чанчаровго жүктөлсүн.
Төрага |
| М.И.Токтакунов |