НАРИМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы
2023-жылдын 28-сентябры № 19/8
ВЛКСМ айылындагы 10,0 га болгон жер аянтын айыл чарба багытынан өнөр жай багытына которуу жөнүндө
Нариман айыл аймагынын жарандарын жумуш менен камсыз кылуу жана жашоо шартын оңдоо максатында , айылдардын инфраструктурасын жакшыртуу, Нариман айыл өкмөтүнүн бюджетин жогорулатуу максатында жазылган Нариман айыл өкмөтүнүн 21.09.2023-жылдагы №808 сандуу катынын негизинде Нариман айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нариман айыл аймагынын ВЛКСМ айылындагы №21 контурунда жайгашкан 10,0 га болгон мамлекеттик фонд жерине өнөр жай зонасын курууга “айыл чарба” багытынан “өнөр жай” багытына карай өзгөртүлсүн.
2. Токтомдун аткарылышы Нариман айыл өкмөтүнүн өкмөт башчысына жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер, коммуналдык менчик ,соода байланыш, транспорт жол курулуш, энергетика, капиталдык курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Нариман айылдык кеңешинин төрайымы |
Х. Ш. Артыкова |