Редакцияот 28.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НАРИМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы

2023-жылдын 28-сентябры № 19/10

Ак жол балдар –бакчасынын 2,26 чарчы  метр жерин, Ш.Абидовага таандык болгон  2,26   чарчы метр жерине алмаштыруу  жөнүндө

 

     Нариман айыл аймагынын Нурдар айылында жайгашкан “Ак-Жол Балдары” МЧББнын жетекчиси С.Н.Аблазованын жазган арызынын негизинде Нариман айылдык кеңеши

 

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. “Ак-жол балдары” балдар  бакчасына жаңы ажаткана салуу үчүн “Ак-жол балдары” МЧББнын жетекчиси С.Н.Аблазова жана коңшу турган Ш.Абидованын ыраазычылыгы менен көлөмү бирдей, 2,26чарчы метр болгон жер тилкеси алмаштырууга уруксат берилсин.

 

2.     Токтомдун аткарылышы Нариман айыл өкмөтүнүн жер адисине жүктөлсүн.

 

3.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер, комуналдык менчик, соода, байланыш, транспорт жол курулуш, энергетика, капиталдык курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Нариман айылдык

кеңешинин төрайымы

 

Х. Ш. Артыкова