Редакцияот 28.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕПЕ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Тепе-Коргон айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы

 

2021-жылдын 28-сентябры №4

Тепе-Коргон айылынын жашоочусу Жарматов Эмилбек Аширалаевичтин арызы жөнүндө

Э.Жарматов арыз менен кайрылып, өзүнүн жашап турган 590,0 м2 мурда сатып алган жери боюнча багытын өзгөртүп берүүнү суранган. Ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкесине Араван райондук кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы тарабынан 2003-жылдын 12-декабрында №5-0205-0010-0005 реестри менен катталып,  №0017710 жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актысы алынганын ал ФАП жер тилкеси багытында болгондуктан, анын багытын курулуш турак-жай  багытына өзгөртүүгө уруксат берүүнү суранган.

Арыз боюнча А.Арзиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Тепе-Коргон айылдык Кенеши төмөнкүдөй

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.            Жарматов Эмилбек Аширалаевичтин арызы канааттандырылып, Араван райондук кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы тарабынан 2003-жылдын 12-декабрында №5-0205-0010-0005 реестри менен катталып,  №0017710 жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актысы алынганын ал ФАП жер тилкеси багытында болгондуктан, анын багытын курулуш турак-жай  багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.

2.            Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин туруктуу комиссиясына  милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

А. Арзиев