Загрузка документа…
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 68-нпа буйругуна) |
КР КЧ 20-02:2024
Кыргыз Республикасынын курулуш ЧЕНЕМДЕРИ
Курулуштагы ченемдик документтер тутуму
ЖЕР ТИТИРӨӨгӨ туруКтуу курулуш.
ДОЛБООРЛОО ЧЕНЕМДЕРИ
(КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 12-августундагы № 75-чуа, 2025-жылдын 24-мартындагы № 91-чуа , 2025-жылдын 2-декабрынадгы № 104-чуа , 2026-жылдын 22-июнундагы № 124-нпа буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Сейсмостойкое строительство.
Нормы проектирования
Киргизүү датасы – 2024.03.29
1.1 Бул курулуш ченемдерин Кыргыз Республикасынын аймагындагы сейсмикалуулугу 7, 8, 9 жана 9 баллдан жогору болгон аянттарда (В жана И тиркемелери) жайгашкан имараттарды жана курулмаларды курууга, реконструкциялоого, күчөтүүгө жана калыбына келтирүүгө долбоордук документацияны иштеп чыгуу учурунда аткаруу керек.
(КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 12-августундагы № 75-чуа буйругунун редакциясына ылайык)
1.2 Ошондой эле, бул курулуш ченемдери сейсмикалык таасирлер болгон учурда, адамдардын коопсуздугу камсыздалса, имараттардын жана курулмалардын нормалдуу эксплуатациялоосун кыйындата турган кайсы бир элементтеринин жабыркоосуна же эксплуатациялоону убактылуу токтотуп турууга жол бере турган талаптарды да камтыйт.
1.3 Бул ченемдердин негизги максаттары жана милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
– жер титирөө учурунда адамдардын өмүрүн коргоо;
– жер титирөөлөрдөн зыянды чектөө;
– жер титирөөдөн кийин калктын жарандык коргоосу үчүн маанилүү болгон имараттардын жана курулмалардын эксплуатациялык сапаттарынын сакталышын камсыз кылуу.
1.4 Ушул ченемдер обьекттерди долбоорлоого жана курууга жайылтылбайт:
– ушул ченемдин талаптарына шайкеш келбеген габариттик өлчөмдөр, көлөмдүк - пландаштыруучу жана конструктивдик чечимдер;
– жаңы конструктивдик системалар, чечимдер, материалдар жана сейсмикалык коргоонун атайын системалары менен;
– (Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин 2025-жылдын 2-декабрындагы № 104-чуа буйругуна ылайык абзац күчүн жоготту)