ТЕПЕ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тепе-Коргон айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы
2021-жылдын 28-сентябры №9
Тепе-Коргон айылынын тургуну Халиков Мойдинжондын арызы жөнүндө
М.Халиков арыз менен кайрылып, өзүнүн менчиги болгон 1290,0 м2 мурда сатып алган жери боюнча багытын өзгөртүп берүүнү суранган. Ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкесине Араван райондук кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы тарабынан 2021-жылдын 26-августунда №5-02-05-1001-1020 реестри менен катталып, серия Ч № 1023463 жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актысы алынганын ал мурдагы Янги-Юль калхозунун авто гаражында жайгашкан навестин жер тилкеси багытында болгондуктан, анын багытын турак-жай багытына өзгөртүүгө уруксат берүүнү суранган.
Арыз боюнча А.Арзиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Тепе-Коргон айылдык Кенеши төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Халиков Мойдинжондын арызы канааттандырылып, өзүнүн менчиги болгон 1290,0 м2 мурдагы Янги-Юль калхозунун авто гаражында жайгашкан навестин жер тилкеси, турак-жай багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| А. Арзиев
|