ТЕПЕ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тепе-Коргон айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы
2021-жылдын 28-сентябры №10
Уйгур-Абад айылынын тургуну Абдурасулов Зайнобидин Исроилжоновичтин арызы жөнүндө
З.Абдурасулов арыз менен кайрылып, өзүнүн менчиги болгон 400,0 м2 мурда сатып алган жери боюнча багытын өзгөртүп берүүнү суранган. Ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкесине Араван райондук кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы тарабынан 2015-жылдын 23-июнунда №5-02-05-0014-0250 реестри менен катталып, серия Ч № 605055 жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актысы алынганын ал мурдагы силостук яманын жер тилкеси багытында болгондуктан, анын багытын турак-жай багытына өзгөртүүгө уруксат берүүнү суранган.
Арыз боюнча А.Арзиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Тепе-Коргон айылдык Кенеши төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Абдурасулов Зайнобидин Исроилжоновичтин арызы канааттандырылып, өзүнүн менчиги болгон 400,0 м2 мурдагы силостук яманын жер тилкесин турак-жай багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| А. Арзиев
|