ТЕПЕ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тепе-Коргон айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы
2022-жылдын 19-январы № 02
Тепе-Коргон айыл аймагында жашаган жашоочуларга жеке тартипте турак жай курууга жер тилкелерин берүү жөнүндө
Тепе-Коргон айылдык кеңешининдепутаттары күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, Тепе-Коргон айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тепе-Коргон айыл аймагында жашаган жашоочуларга жеке тартипте турак жай курууга Тепе-Коргон айыл аймагынын Көк-Сарай жана Алмалык участкасынан 0,08 гектардан, ал эми калган Интернационал, Жаны-Абад, Уйгур-Абад, Жаны-Жол, Арап, Кесов, Чертик жана Тепе-Коргон айылдарынан 0,05 гектардан жер тилкеси берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы айылдык кеңештин жер комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча адиси А.Умаровго жүктөлсүн.
Төрага |
| А. Арзиев
|