ТЕПЕ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тепе-Коргон айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 5-сессиясы
2022-жылдын 14-февралы № 04
Тепе-Коргон айылынын тургуну Мамадалиев Аброрбек Асилбековичтин арызы жөнүндө
А. Мамадалиев арыз менен кайрылып, айыл өкмөтүнүн Көк-Сарай участкасында жайгашкан №39,№45,№58,№68,№93,№94 жана №96 контурларында жайкашкан жалпысынан 23,30га жер аянтына таш-шагылды кайра иштетүү цехин куруп иштетүүгө ошол жерди ижарага берүүнү суранган. Ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкесин ижарага алууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин Кыргыз мамлекеттик жерге жайгаштыруу боюнча долборлоо институту “КЫРГЫЗМАМЖЕРДОЛБООР” Республикалык топурак-агрохимиялык станциясынын Түштүк аймактык топурак-агрохимиялык станциясынын 08.02.2022-жылдагы №74 сандуу корутундусу тиркелген.
Арыз боюнча А.Арзиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Тепе-Коргон айылдык Кенеши төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамадалиев Аброрбек Асилбековичтин арызы канааттандырылып, ал сураган Көк-Сарай участкасында жайгашкан №39,№45,№58,№68,№93,№94 жана №96 контурларында жайкашкан жалпысынан 23,30га жер аянтына таш-шагылды кайра иштетүү цехин куруп иштетүүгө ошол жерди ижарага берүүнү айыл өкмөтү тарабынан суралсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| А. Арзиев
|