Редакцияот 16.05.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕПЕ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Тепе-Коргон айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 6-сессиясы

 

2022-жылдын 16-майы  № 01

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү, үрп адаттарды тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү” №54-Жарлыгы жөнүндө

Айыл өкмөтүнүн социал маселелер боюнча жетектөөчү адиси С.Бекболотова айыл өкмөтү тарабынан 2022-жылдын 14-апрелинде Араван районунун мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын 30-мартындагы  Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2022-жылдын 26-мартындагы “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү, үрп адаттарды тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү” №54-Жарлыгын аткарууга алуу жөнүндөгү №33-б буйругун аткарууга алуу тууралуу №98-б сандуу буйругун аткарууга алуу максатында №30-буйругун кабыл алдык.Аталган буйрукта алкагында Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү, үрп адаттарды тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү” №54-Жарлыгынын негизинде типтүү жобо иштеп чыгылып ошол типтуу жобону бекитип берүүнү суранган.

Айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 14-апрелиндеги №30-буйругун айылдык кеңештин депутаттары угуп жана талкуулап чыгып, Тепе-Коргон айылдык кеңеши төмөнкүдөй

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.            Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү, үрп адаттарды тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү” №54-Жарлыгын турмушка ашыруу үчүн айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 14-апрелиндеги №30-буйругунун негизинде иштелип чыккан типтүү жобо бекитилсин.

2.            Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социал маселелери жана мыйзамдуулук туруктуу комиссияларына  милдеттендирилсин.

 

Төрага

 

А. Арзиев