Редакцияот 16.05.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТЕПЕ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Тепе-Коргон айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 6-сессиясы

 

2022-жылдын 16-майы  № 02

«Кадыр-Транс» ЖЧКнун арызы жөнүндө

“Кадыр-Транс” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Д.Боронбаев өз арызында төмөнкүлөрдү көрсөткөн.“Кадыр-Транс” ЖЧКу көп жылдардан бери элди, окуучуларды көчөдө калтырбай кызмат өтөп келүүдө. Азыркы күндө баарыбызга белгилүү күйүүчү майдын (ГСМ) баасы кескин түрдө эки эсеге ашкандыгы, кала берсе Тепе-Коргон- Араван жолдорунун абалы начарлап, жолдор өтө оюулуп кеткендигине байланыштуу жол акысын бир жүргүнчү үчүн 30 сомдон 35 сомго көтөрүп берүүнү өтүнгөн.

Айылдык кеңешинин төрагасы А.Арзиев “Кадыр-Транс” ЖЧКнун арызын айылдык кеңештин депутаттарына угузуп жана талкуулап чыгып, Тепе-Коргон айылдык кеңеши төмөнкүдөй

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.            “Кадыр-Транс” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Д.Боронбаевдин арызы канааттандырылып, Тепе-Коргон-Араван каттамы боюнча жол акысы бир жүргүнчү үчүн 35сом болуп бекитилсин.

2.            Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социал маселелери жана мыйзамдуулук туруктуу комиссияларына  милдеттендирилсин.

 

Төрага

 

А. Арзиев