Редакцияот 23.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Үч-Төбө айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы

2023-жылдын 23-январы № 8

Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн алдында   “Таза-Суу-Тазалык”  муниципалдык   ишканасы жөнүндө

Үч-Төбө айыл өкмөтүндө калкка кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу максатында, “Таза-Суу-Тазалык” муниципалдык ишканасынын ордунда калтыруу боюнча айыл өкмөт башчысы Ж..Тажибаевдин билдирүүсүн угуп, талкуулап Үч-Төбө айылдык кенешинин VII чакырылышынын ХVII сессиясы

 

                         ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.            Үч-Төбө айыл өкмөтүндө калкка кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу максатында, “Таза-Суу-Тазалык” муниципалдык ишканасы ордунда калтырылсын.

2.            “Таза-Суу-Тазалык”  муниципалдык ишканасынын штаттык бирдиги 3 (үч) штаттык бирдик болуп белгиленсин жана эмгек акысы жергиликтүү бюджеттин (өздүк кирешенин) эсебинен каржылансын.

3.            Ишмердүүлүгүн “Таза-Суу-Тазалык”  муниципалдык ишканасы жонундө жобого ылайык жүргүзүү  эсебинен  ашыкча түшкөн кирешелердин жана үнөмдөлгөн Ибраимов Нурбек Жалиловичке милдеттендирилсин жана калктан чогултуучу төлөмдөрдүн көлөмүн көбөйтүүнү колго алсын.

4.           “Таза-Суу-Тазалык”  муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө  жагы  айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Тажибаевге тапшырылсын.

5.            Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага:

Асантай уулу А