ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Төбө айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы
2023-жылдын 31-марты № 12
“Альфа- Телеком” ЖАК компаниясына мобилдик телефон чагылдыргычын курууга жер бөлүп берүү жөнүндө
Үч-Төбө айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Алай айылындагы Калама участкасындагы Билайн компаниясынын чагылдыргыч антенасы турган жердин жанынан “Альфа-Телеком” ЖАК компаниясына телефон чагылдыргыч антенасын курууга жер бөлүп берүү максатында Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 30-мартындагы № 107 сандуу билдирүүсүн негизинде Үч-Төбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Үч-Төбө айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Алай айылындагы Калама участкасындагы Билайн компаниясынын чагылдыргыч антенасы турган жердин жанынан “Альфа-Телеком” ЖАК компаниясына телефон чагылдыргыч антенасын курууга 25,0 чарчы метр жер тилкеси мөөнөттүү келишимдин негизинде чектелип берилсин.
2.Жогорудагы аты аталган жерге тиешелүү документтерин бүтүрүп берүү жагы Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси М.Эшназаровго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин укук тартиби жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөлөрүнө жүктөлсүн.
Төрага: | Асантай уулу А |