Редакцияот 05.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каргалык айылдык кеңешинин кезектеги II сессиясы

 

2024-жыл 5-марты №5

 

“Каргалык айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын түзүмүн жана курамын бекитүү жөнүндө”

 

        Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 24 Жарлыгы менен бекитилген пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жѳнүндѳ Убактылуу Жобонун 3-главасынын 10-беренесинин 2-бөлүкчөсүнө ылайык,

Каргалык айылдык кеңешинин кезектеги II сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

I. Каргалык айылдык кеңешинин алдында төрт туруктуу комиссия түзүлсүн:

1.Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясы;

2. Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясы;

3. Мыйзамдуулук, укук, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы;

4. Өнөр жай, курулуш, транспорт, жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, экология, архитектура боюнча туруктуу комиссиясы бекитилсин.

II. Каргалык айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамы жана төрагалар,

анын орун басарлары тиркемеге ылайык бекитилсин.

III. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.gov.kg/ расмий веб-сайтына

      жарыялансын.

 

 

Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы:

 

Т.И. Токтоболотов   

 

 

 

 

Бекитем

Каргалык айылдык

кеңешинин төрагасы ______________Т.И.Токтоболотов

Каргалык айылдык кеңешинин кезектеги

II   сессиясынын  № 5 - токтомуна  тиркеме  

5 - март 2024-жыл

 

Каргалык айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамы жана төрагалар, анын орун басарларын бекитүү жөнүндө

1. Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын курамы 9 депутаттан түзүлсүн:

1.      Комиссиянын төрагалыгына - № 4 Жаңыбаева шайлоо округунан шайланган депутат Дүйшөбаев Нурлан Дүйшөбаевич шайлансын.

2.      Комиссиянын төрагалыгынын орун басарлыгына - № 1 Кара-Суу шайлоо округунан шайланган депутат Нурдинов Мергенбек Алтынбекович шайлансын.

3.      Комиссиянын мүчөлөрүнө: Орозова Жылдыз №1 Чет-Булак ш/о, Атыканов Анарбек Кадыкеевич №4 Жаңыбаева ш/о, Жумабаев Эмилбек Жумабаевич №1 Кара-Суу ш/о, Эпээва Винара Молдожумаевна №1 Кара-Суу ш/о, Мукашов Сталбек Мукашович №2 Казарман ш/о, Казыбеков Элетбай Атырбекович №3 Аэропорт ш/о, Бекташов Бексултан Толбаевич №3 Аэропорт шайлоо округунан шайланган депутаттар бекитилсин.

            2. Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясынын курамы 7 депутаттан түзүлсүн:

1.      Комиссиянын төрагалыгына - № 2 Казарман шайлоо округунан шайланган депутат Баатырбек уулу Аскар шайлансын.

2.      Комиссиянын төрагалыгынын орун басарлыгына - № 1 Кара-Суу шайлоо округунан шайланган депутат Үмөтбек уулу Абдыназар шайлансын.

3.      Комиссиянын мүчөлөрүнө: Турсуналиева Элмира Токтомаметовна №2 Казарман ш/о, Азизбек уулу Нурбек №4 Жаңыбаева ш/о, Кемелбеков Чынгышакун Кемелбекович №3 Аэропорт ш/о, Өмүракунов Сапаралы Карыпбекович №1 Кара-Суу ш/о, Токтоналиева Лариза Таштанбековна №2 Табылгыты шайлоо округунан шайланган депутаттар бекитилсин.

            3. Мыйзамдуулук, укук, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын курамы 7 депутаттан түзүлсүн:

1.      Комиссиянын төрагалыгына - № 4 Жаңыбаева шайлоо округунан шайланган депутат Мамырова Каныш Мөкүшовна шайлансын.

2.      Комиссиянын төрагалыгынын орун басарлыгына - № 2 Казарман шайлоо округунан шайланган депутат Керезалиев Мыйзамбек Максатбекович шайлансын.

3.      Комиссиянын мүчөлөрүнө: Бакасова Нурлана Бакасовна №3 Аэропорт ш/о, Мамбеталиева Нургүл Койчуевна №2 Казарман ш/о, Токтоболотова Назгүл Рысбековна №3 Аэропорт ш/о, Келгенбаева Жаңылбүбү Илиязовна №2 Табылгыты ш/о, Жусубакунова Чынара Казыбековна №1 Кара-Суу шайлоо округунан шайланган депутаттар бекитилсин.

             4.Өнөр жай, курулуш, транспорт, жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, экология, архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын курамы 7 депутаттан түзүлсүн:

1.      Комиссиянын төрагалыгына - №1Чет-Булак шайлоо округунан шайланган депутат Жээналиев Майрамбек Макенович шайлансын.

2.      Комиссиянын төрагалыгынын орун басарлыгына - № 2 Табылгыты шайлоо округунан шайланган депутат Чокморов Алтынбек Каныбекович шайлансын.

Комиссиянын мүчөлөрүнө: Курманбаева Зулфия Азимкановна №4 Жаңыбаева ш/о, Жолокеев Нурадил Турсунбекович №2 Казарман ш/о, Рахат уулу Адилет №3 Аэропорт ш/о, Жумабек уулу Сүйүндүк №2 Табылгыты ш/о, Турарбек кызы Кайыркүл №1 Кара-Суу шайлоо округунан шайланган депутаттар бекитилсин.

 

 

Каргалык айылдык кеңешинин жооптуу катчысы:

 

Ж.Акматова