Редакцияот 19.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Суу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVIII-сессиясы

 

2024-жылдын 19-январы № 176

“Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2023-жылда бюджетинин аткарылышы жана 2024-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө”.

 

Ак-Суу айыл өкмөтү 2023-жылга  коюлган бюджетинин аткарылышы 2024-жылга Кыргыз Республикасынын каржы министри тарабынан берилген контролдук цифра боюнча  Ак-Суу айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Х.Кушбаковдун жана айылдык кеңешинин бюджет жана экономика боюнча комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бюджети жана 2024-2026-жылдарга долбоору жөнүндөгү” “Кыргыз Республикасынын  Бюджеттик  Кодексинин, Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкаруу жөнүндө”мыйзамдарына ылайык түзүлгөндүгүн белгилейт.

          Жогорудагыларды угуп жана талкуулап,Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы

                                               Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

 

     1.Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Х.Кушбаковдун билдирүүсү көңүлгө алынсын .

 

     2.Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетинин аткарылышы канааттандырарлык деп табылсын.

 

     3.Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2023-жылга калдыгы 7021,3 кабыл алынган жергиликтүү бюджетине жыл ичиндеги өзгөрүүлөр жана толуктоолор менен жалпы жыл ичинде бюджет 28162,1 миң сом эсебинде киреше жана 33919,4 миң сом чыгашалары 

№ 1,2 тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

     4.Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинин киреше жана чыгашалары 23703,3 миң сом өлчөмүндө № 3,4 тиркемеге ылайык алымча,кошумчаларын тактоо менен бекитилсин.

 

     5.2024-жылга  республикалык бюджеттен берилүүчү  теңдештирүүчү гранттын өлчөмдөрү каралып, биринчи кезекте эмгек акы жана социалдык фондго, тамак-ашка жана коммуналдык  чыгымдарга чыгымдала тургандыгы белгиленсин, алардын өлчөмдөрү 

№ 5 тиркемеге, жергиликтүү салыктардын нормативдери № 6 тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

     6.Райондук казына бөлүмү аркылуу Ак-Суу айылдык кеңешинин аймагынан чогулган салыктар, жыйымдар жана атайын каражаттар Ак-Суу айыл өкмөтүнүн эсебине

топтоштурулуп,чыгымдалышына жетишилсин.

     7.2024-жылга Ак-Суу айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгымдарын каржылоо анын киреше бөлүгүнүн аткарылышына жараша жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин, анын ичинен биринчи кезекте корголуучу статьялар боюнча (эмгек акыларды төлөө,соцфонд чегерүү, коммуналдык кызматтарга жана тамак-аш сатып алууга).

 

     8.Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын негизинде Ак-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдык клубдар, китепканалар,коргонуу,соц коргоо,билим берүү жана бала бакчаларга жеңилдиктер Ак-Суу айыл өкмөтүнүн бюджетинен чыгарылсын.

 

     9.1-январь 2024-жылга бюджеттик каражаттардан калган 1130,1 миң сом акча каражаттарынын сметасы № 7 тиркемеге ылайык бекитилсин.

     10.1-январь 2023-жылга атайын эсептен калган  75,9 миң сомдук акча каражаттарынын сметасы № 8 тиркемеге ылайык бекитилсин.

     11.Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2023-жылда каржыланбай калган чыгымдары 2024-жылга каралган бюджетинин чегинде каржылансын.

     12.Ак-Суу айыл өкмөтүнүн бюджетине киргизилген өзгөртүүлөр айылдык кеңештин сессиясында жактырылгандан кийин аткарууга алынары белгиленсин.

     13.Ак-Суу айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча 2024-жылдын 1-январына карата жүргүзүлүүчү кассалык накталай акча 100,0 миң суммасында белгиленсин.

 

     14. Айыл өкмөтүнүн 2024-жылга каралган бюджети 2024-жылдын 1-январынан баштап ишке киргизилсин.

 

     15.Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2024-2025-2026-жылдарга болжолдуу бюджетинин долбоору бекитилсин.

 

     16.Бул чечимдин аткарылышын камсыздоо Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Х.Кушбаковго, көзөмөлдөө Ак-Суу айылдык кеңешинин бюджет,экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы

А.Саматов