Редакцияот 19.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Суу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVIII-сессиясы

 

2024-жылдын 19-январы № 179

“Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2025-2026-2027-жылдарга  болжолдуу бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө”.

 

Ак-Суу айыл өкмөтү 2023-жылга  коюлган бюджетинин аткарылышы 2024-жылга Кыргыз Республикасынын каржы министри тарабынан берилген контролдук цифра боюнча  Ак-Суу айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Х.Кушбаковдун жана айылдык кеңешинин бюджет жана экономика боюнча комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бюджети жана 2025-2027-жылдарга долбоору жөнүндөгү” “Кыргыз Республикасынын  Бюджеттик  Кодексинин, Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкаруу жөнүндө”мыйзамдарына ылайык түзүлгөндүгүн белгилейт.

       Жогорудагыларды угуп жана талкуулап,Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы

                                       Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

 

1.Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Х.Кушбаковдун билдирүүсү көңүлгө алынсын .

 

 

2.Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2025-2026-2027-жылдарга болжолдуу бюджетинин долбоору бекитилсин.

 

3.Бул чечимдин аткарылышын камсыздоо Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Х.Кушбаковго, көзөмөлдөө Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешининбюджет,экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы

А.Саматов