АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVIII-сессиясы
2024-жылдын 19-январы № 181
“ЖПБ нын 2024-жылга карата бюджеттик планын жана тарифин бекитүү жөнүндө”.
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2024-жылга карата бюджеттик планын, тарифин бекитүү боюнча ЖПБ нын төрагасы А.Халмуратовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы А.Халмуратовдун билдирүүсү көңүлгө алынсын.
2.Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяров менен ЖПБ нын төрагасы А.Халмуратовдун ортосунда түзүлгөн 264 000 (эки жүз алтымыш төрт миң) сомдук келишими жактырылсын.Анын ичинен жайыт акыдан түшүүчү 264 000 (эки жүз алтымыш төрт миң) сомдун 3/1 бөлүгү 88 000 (сексен сегиз миң)сом айыл өкмөтүнүн эсебинде калтырылсын.
Калган 176 000 (бир жүз жетимиш алты миң) сом жайыт комитетинин эсебине которулуп берилсин.
3.Ак-Суу айыл өкмөтүнө караштуу ЖПБ нын жылдык планы жана тарифи тиркемеге ылайык бекитилсин.
4.Нур телекомдон түшкөн 96 000(токсон алты миң) сом жана жайыт тракторунун эсебинен түшкөн 150 000 (бир жүз элүү миң) сом акча каражаты Ак-Суу айыл өкмөтүнүн эсебине кириштелип,246 000(эки жүз кырк алты миң) сом акча каражаты ЖПБнин эсебине кайра чегерилип берилсин.
5.Токтомдун аткарылышын камсыздоо ЖПБ нын төрагасы А.Халмуратовго, көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровго тапшырылсын.
Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы | А.Саматов |