АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVIII-сессиясы
2024-жылдын 19-январы № 184
«Ак-Суу айыл аймагынын мергенчилер коомунун машыгуу иш чарасын өткөрүү үчүн акча каражатын берүү жөнүндө”.
Лейлек райондук мергенчилер коомунун Ак-Суу айыл аймагы боюнча мүчөсү М.Шамуратовдун кайрылуу катын угуп жана талкуулап,Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Лейлек райондук мергенчилер коомунун Ак-Суу айыл аймагы боюнча мүчөсү М.Шамуратовдун кайрылуу каты көңүлгө алынсын.
2.Ак-Суу айыл аймагында мергенчилер коомунун иш чарасын уюштуруп,өткөрүү үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен 60 000 (алтымыш миң) сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
3.Токтомдун аткарылышын камсыздоо Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровго тапшырылсын.
Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы | А.Саматов |