Редакцияот 19.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Суу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVIII-сессиясы

 

2024-жылдын 19-январы № 186

 “Ак-Суу айыл аймагынын ички арык жана латокторун Лейлек райондук суу чарба башкармалыгынын  балансына өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө”.

 

                                                   

Ак-Суу айыл аймагынын жер боюнча башкы адиси А.Бабаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап,Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы                                                  

                                               Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

 

1. Ак-Суу айыл аймагынын жер боюнча башкы адиси А.Бабаевдин билдирүүсү көңүлгө алынсын.

2.Ак-Суу айыл аймагынын эсептик балансында болгон  39286 метр ички арык жана 3000 метр латок Лейлек райондук суу чарба башкармалыгынын карамагына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровго тапшырылсын.

 

 

 

Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы

А.Саматов