АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVIII-сессиясы
2024-жылдын 19-январы № 187
“Курулуш материалдарын сатуучу дүкөн куруу үчүн жер бөлүгүн берүүгө макулдук берүү жөнүндө”.
Ак-Суу айыл аймагына караштуу Алга айылынын жашоочусу С.Анарбоевдин арызынын негизинде Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Ак-Суу айыл аймагына караштуу Алга айылынын жашоочусу С.Анарбоевдин арызы көңүлгө алынсын.
2.Ак-Суу айыл аймагынын Алга айылынан курулуш материалдарын сатуучу дүкөн куруу үчүн жер бөлүгүн берүүгө макулдук берилсин.
3.Токтомдун аткарылышын камсыздоо Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси А.Бабаевге жана көзөмөлдөө Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин айыл чарба,өнөр жай,жерге жайгаштыруу,экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы | А.Саматов |