Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-мартындагы N 142 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борбору жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3- февралындагы № 54 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун (мындан ары - Борбор) ишинин тартибин аныктайт. Борбор жогорку технологиялык жабдууларды, илимдин алдынкы жетишкендиктерин колдонуу менен акушердик жана гинекология, неонатология, педиатрия жана балдар хирургиясы жаатында адистештирилген медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү, жогорку квалификациялуу жана фундаменталдык жана прикладдык медицина жаатында дарылоо-профилактикалык ишти, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүчү медициналык кадрларды тартуу менен саламаттык сактоонун үчүнчү деңгээлиндеги мамлекеттик дарылоо-профилактикалык, илимий-изилдөө мекемеси болуп саналат.
2. Борбор юридикалык жак болуп саналат, уюштуруучулук-укуктук формада - финансы-чарбалык жана укуктук өз алдынчалыгы, өзүнчө мүлкү, өз алдынча балансы, финансы-кредиттик мекемелерде эсептик жана башка эсептери бар, мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы менен тегерек мөөрү жана штампы бар мекеме.
3. Борбор мыйзамда каралган жарандык-укуктук бүтүмдөрдү жүзөгө ашырат, сотто доогер жана жоопкер катары чыгат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктарга жана милдеттерге ээ.
4. Борбор өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө", "Илим жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйруктарын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Борбордун уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат.
6. Борбордун иши Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жана илим чөйрөсүндөгү мыйзамдарында аныкталган учурда жана тартипте мамлекеттик аттестациядан/аккредитациядан өтүүгө тийиш.
7. Борбордун юридикалык дареги: 720038, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Ахунбаев көчөсү, 190.
8. Борбордун расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борбору";
- расмий тилде: "Национальный центр охраны материнства и детства при Министерстве здравоохранения Кыргызской Республики".
Кыскартылган фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "ЭжБКУБ";
- расмий тилде: "НЦОМиД".
9. Борбор өзүнүн курамында юридикалык жакты түзбөстөн, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги бекиткен жобонун негизинде иштеген өзүнчө бөлүмдү (филиалды) камтыйт.
2-глава. Борбордун максаты жана милдеттери
10. Борбордун ишинин максаты калкка жеткиликтүү, сапаттуу жана коопсуз медициналык-профилактикалык жардам көрсөтүү, ошондой эле илимий-изилдөөчүлүк, өндүрүштүк иштерди жүргүзүү, республиканын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө олуттуу салым кошууга жөндөмдүү Борбордун профили боюнча инновациялык продукцияны иштеп чыгуу болуп саналат.
11. Борбордун милдеттери:
1) акушердик, гинекология, педиатрия, неонатология жана балдар хирургиясы жаатында калкка жогорку адистештирилген, жогорку квалификациялуу жана жогорку технологиялык жардам көрсөтүү;
2) Кыргыз Республикасынын энелердин жана балдардын оорусун, майыптыгын жана өлүмүн кыскартууга багытталган, далилдүү медицинанын принциптерин пайдалануу менен саламаттык сактоону өнүктүрүү жана реформалоо программасы менен аныкталган саламаттык сактоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;
3) акушердик, гинекология, педиатрия, неонатология жана балдар хирургиясы жаатында натыйжалуу профилактикалык системаны түзүүгө илимий-практикалык жардам берүү жана сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү;
4) жаңы жогорку натыйжалуу жана жогорку технологиялык мамилелерди, анын ичинде дени сак жана оорулуу аялдарды жана балдарды профилактикалоо, диагностикалоо, дарылоо жана реабилитациялоо методдорун иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
5) акушердик, гинекология, педиатрия, неонатология жана балдар хирургиясы боюнча фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөр жаатында инновациялык технологияларды түзүү жана координациялоо;
6) Борбордун илимий ишинин багыттары боюнча фундаменталдык жана прикладдык изилдөөлөрдү жүргүзүү;
7) илимий-изилдөөчүлүк жана тажрыйба-конструктордук иштерди жүргүзүүдө жеке сектордун (бизнес-түзүмдөрдүн) инновациялык потенциалын жана натыйжалуулугун пайдаланууга;
8) инфраструктуралык объекттерди жана/же инфраструктуралык кызмат көрсөтүүлөрдү түзүү жана/же модернизациялоо, эксплуатациялоо жана күтүү боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу максатында мамлекеттик жана жеке өнөктөштөрдүн ортосундагы кызматташуу;
9) Борбордун профили боюнча жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо.