КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 26-январы № 28-18/130
Нурманбетова Батмакандын үй- бүлөсүнө социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө
Арал айлынын тургуну Нурманбетова Батмакандын үй- бүлөсүнүн жашоо -шарты комиссиялык негизде каралып, акты түзулүп, жардамга муктаждыгы аныкталгандыгы боюнча Манас райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 19 – январындагы № 01-18/71 катына таянып;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нурманбетова Батмакандын үй-бүлөсүнө социалдык жардам көрсөтүү максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен 30,0 миң сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Узенбековко тапшырылсын.
Төрага |
| У. Кенжегараева |