КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 26-январы № 28-18/133
Ө.Израилов атындагы орто мектебинин имаратын кыш мезгилинде жылуулук менен камсыз кылуу жөнүндө
Ө.Израилов атындагы орто мектебинин директору З.Т.Калназарованын 2024-жылдын 25-январындагы № 133 кайрылуусунун негизинде;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ө.Израилов атындагы орто мектебинин имаратын жылытуу максатында паровой насос сатып берүү үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 20000 сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Узенбековко тапшырылсын.
Төрага |
| У. Кенжегараева |