Редакцияот 09.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XIV сессиясынын

 

2024-жыл 9-февраль №10

 

“Элдерди жазгы жайытка көчүрүү,көчүрүп келүү жана мал башына алынуучу жайыт акы жөнүндө”

   

    Кыз-Көл жайыт комитетинин төрагасы К.Садыковдун жакынкы жана алыскы жайыттар боюнча маалыматын угап жана талкуулап Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Элдерди жакынкы жана алыскы жайыттарга көчүрүү 2024-жылдын 20-апрелинен 1-майына чейин жана көкүрүп келүү 29-авгуска деп бекитилсин.

 

2. Мал башына алынуучу жайыт акы тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).

 

3. Айыл өкмөтүнө караштуу айылдарда жана Көк-Булак участкасында эгилген эгиндерди,чөп орркторду кароо үчүн кароолчулар шайлансын.

 

4. Эгиндерге,чөп орокторго түшкөн мал жандыктарына 500 (беш жүз) сомдон,экинчи ирет түшсө 1000 (миң) сомдон,үчүнчү ирет түшсө бузуулар мыйзамы боюнча жоопкерчиликке тартылат.Алынган айып акчалар кароолдордун минген атына жем чөп алууга жумшалсын.

 

5. Камалган мал жандыктары видео сүрөттөргө тартылып,ватсап аркылуу айыл айылдардагы группаларга жөнөтүлүп жана 3 (үч) күн ичинде алынып кетпей өлүп калса кароолчулар жооп бербейт.

 

6. Аталган токтомдун аткарылышын көзөмөөлдө жагы айыл өкөмөтүнүн башчысы Т.А.Бобошевге милдеттендирилсин.

 

3. Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып,Юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө  кирет.

 

Төрага:

 

К.Кушбаков   

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

БЕКИТЕМИН

Кыз-Көл айылдык кеңешинин

төрагасы:____________К.Кушбаков

   “_____”__________2024-жылдагы

Кыз-Көл айылдык кеңешинин

    №___ сессиясынын №___токтому 

  

 

Кыз-Көл жайыт комитетинин 2024-жылга

ИШ-ПЛАНЫ

№

Аткарууга алуу

Аткаруу мөөнөтү

1

Жайыт пайдалануучулардын мал санына жараша жайыт ажыратуу,жана жайыт билетин берүү.

Апрель -май

2

Жайыт пайдалануучулардын мал санына карап бөлүштүрүп ,гектарын аныктап,жакынкы жана алыскы жайыттарга бөлүү.

Апрель

3

Жайыт сыйымдуулугуна жараша мал жандыктарын жайгаштыруу.

Апрель-май

4

Мал баккандар жана айыл тургундары менен ,ички жана алыскы жайытка чыккан малдарга ,айылдык кеңештин бекитип берген тарифи боюнча ,жайыт акыны алуу, айыл тургундары менен иш алып баруу.

Апрель-декабрь

5

Жайытка чыккан малчыларга жайыт билетин берүү жана аларды көзөмөлдөө

Апрель-декабрь

6

Алыскы жайыттарга чыгуу үчүн малчыларды белгиленген убакытта жайлоого көчүрүү

Май

7

Жайытка чыккан малдардын ден соолугун сактоо, көзөмөлдөө, ветеринардык профилактикалык иштерди аткаруу, ветеринардык күзөткө туруу жана график уюштуруу

Март-декабрь

8

Жайыттардан инфраструктурасын көтөрүү, жайытка барган жолдорду оңдоо боюнча иш алып баруу

Март-декабрь

9

2023-жылга жайыт пайдалануучулардан жайыт акы төлөмүн алуу.

Март-декабрь

10

Жайыттарды үнөмдүү пайдалануу, экология, өрт коопсуздугун сактоо жана эрозияга учуратпоо, айыл тургундары менен жайыт пайдалануучулары менен түшүндүрүү иштерин алып баруу.

Ар дайым

11

Жайыттарды туура пайдалануу үчүн мониторинг жүргүзүү.

Июль

12

Жайытка чыккан малчылардан жайыт комитети жана жеке ветврачтар ар дайым кабар алып туруу.

Ар дайым

 

 

Кыз-Көл айыл аймагынын

Жайыт комитетинин төрагасы

 

 

К.Садыков  

 

 

 

 

 

 

 

БЕКИТЕМИН

Кыз-Көл айылдык кеңешинин

төрагасы:____________К.Кушбаков

   “_____”__________2024-жылдагы

Кыз-Көл айылдык кеңешинин

    №___ сессиясынын №___токтому 

  

 

Кыз-Көл жайыт комитетинин 2024-жылга жайыт төлөмүнүн эсеби.

№

Аталышы

Саны

Бир жылга туяк акы

Жалпы сумма

1

Жылкы

  718

100

  71800

2

Кара мал

1560

100

156000

3

Жат кара мал,жылкы

  105

500

  52500

4

Кой-эчки

4900

  20

  98000

5

Жат кой-эчки

  674

  60

  40458

 

Жалпы

 

 

418758

Банкка төгүүлөр

1.Жалпы жайыт жер салыгы: 4946х15,40=78758

2.Жайыт комитетине түшкөн аренда акы: 340000

Баардыгы: 418758

Чыгымдар

1.Жайыт мыйзамына ылайык 3/1 бөлүгү бюджетке: 139586

2.Жайыт комитетине: 279172

Анын ичинен

1.Эмгек акы 220000

2.Соцфондко чегерүү 37950

3.Жайыт жолдорун оңдоого 20000

4.Транспорттук чыгымдар(запчасть,ГСМ) 30000

5.Канцтоварлар,компьютерди тейлөө 3172

6.Ар түрдүү чыгымдар 6000

Бардыгы: 279172

 

 

Кыз-Көл Жайыт комитетинин төрагасы

 

К.Садыков  

 

 

 

БЕКИТЕМИН

Кыз-Көл айылдык кеңешинин

төрагасы:____________К.Кушбаков

   “_____”__________2024-жылдагы

Кыз-Көл айылдык кеңешинин

    №___ сессиясынын №___токтому 

  

 

Кыз-Көл жайыт комитетинин 2024-жылга жайыт пайдалануу

ТАРИФИ.

 

№

            Мал жандыктар

Жакынкы             жайыт

Алыскы                жайыт

1

Кара  мал

150

150

2

Жылкы 

150

150

3

Кой -эчки

40

40

4

Сырттан алып келип баккан кара малга

500

500

5

Сырттан алып келип баккан кой-эчкиге

60

60

 

Эскертүү:Жайлоого жайытка көчүп кетүү -апрелден аба ырайына байланыштуу, ал эми көчүп келүү 31-августан кийин.Эгерде ушул мөөнөттөн мурда көчүп келген тургундар же малчылар болсо алар бузуулар мыйзамы боюнча каралат. Мал баккан малчылардын эмгек акысы ар бир мал башына кара малга,жылкыга-700сомдон,кой-эчкиге-150сомдон малын бактырган тургундар төлөп берет.жайыт жерлерди кашаалап чөп орок .бак эккендерге3000сомдон 5000сомиго чейин акы төлөнсүн.ал эми жайытты мал жайлоого кеткенден кийин чөп орок катары пайдаланса гектарына 1000сомдон акы төлөнсүн.Жогорудагы талапртарды аткарбаган тургундар болсо ,мыйзам чегинде бузуулар мыйзамы боюнча чара көрүлөт.

 

 

 

 

Кыз-Көл айыл аймагынын

Жайыт комитетинин төрагасы

 

 

К.Садыков