Редакцияот 06.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXII сессиясы

2023-жылдын 6-сентябры № 3

Кошумча план алууга жана Башкы-Терек айылына курулуучу аэропорттун долбоорун даярдоо жөнүндө

Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 05.09.2023-жылдагы №01-19/918 чыгыш сандуу 2-пунктунда Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын 02.08.2023-жылдагы №01-23/2748 чыгыш сандуу катынын негизинде кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXII сессиясы токтом кылат:

 

1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 05.09.2023-жылдагы №01-19/918 чыгыш сандуу кайрылуусунун 2-пункту эске алынсын.

2. Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын 02.08.2023-жылдагы №01-23/2748 чыгыш сандуу катынын негизинде “ВертексГолд Компани” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн атайын каражаттар эсеп-счётуна түшүүчү 2 000 000 (эки миллион) сом акча каражатына кошумча план алууга жана Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасынын негизинде Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Башкы-Терек айылына заман талабына ылайык аэропорт куруунун конуу, учуу тилкелерин аныктап, долбоор даярдоого, чыгымдоого уруксат берилсин .

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго тапшырылсын.

 

Каныш-Кыя айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

М.Аликеев