КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXII сессиясы
2023-жылдын 6-сентябры № 4
Имарат сатып алуу жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 05.09.2023-жылдагы №01-19/918 чыгыш сандуу 3-пунктунда Каныш-Кыя айылындагы нан заводтун имаратын сатып алууга бөлүнгөн 3 300 300 (үч миллион үч жүз миң үз жүз) сом акча каражатына Каныш-Кыя айылынын борборунан даяр имарат сатып алууга жылдырып берүү жөнүндө кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXII сессиясы токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 05.09.2023-жылдагы №01-19/918 чыгыш сандуу кайрылуусунун 3-пункту эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бекитилген иш планы боюнча жумушчу орунун түзүү максатында тигүү цехин ачуу үчүн Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XXVIII сессиясынын №9 токтомунун 2-пунктундагы Каныш-Кыя айылындагы нан заводун имаратын сатып алууга бөлүнгөн 3 300 300 (үч миллион үч жүз миң үз жүз) сом акча каражатын, Каныш-Кыя айылынын борборунан даяр имарат сатып алууга жылдырылып берилсин .
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго тапшырылсын.
Төрага | М.Ш. Аликеев |