КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXII сессиясы
2023-жылдын 6-сентябры № 5
Статьяга жылдырып берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 05.09.2023-жылдагы №01-19/918 чыгыш сандуу 4-пунктунда Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинен айылдардагы калктын аярлуу катмарына үй-там куруп берүүгө , көмөк көрсөтүүгө бөлүнгөн 5 000 000 (беш миллион) сом акчча каражатынан калган 2 000 000 (эки миллион ) сом акча каражатын Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башкаруу аппаратынын 3111 статьясынан 27211500 статьясына жылдырып берүү жөнүндө кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXII сессиясы токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 05.09.2023-жылдагы №01-19/918 чыгыш сандуу кайрылуусунун 4-пункту эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинен айылдардагы калктын аярлуу катмарына үй-там куруп берүүгө , көмөк көрсөтүүгө бөлүнгөн 5 000 000 (беш миллион) сом акча каражатынан калган 2 000 000 (эки миллион ) сом акча каражатын Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башкаруу аппаратынын 3111 статьясынан 27211500 статьясына жылдырылып берилсин .
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик
укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4.Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго тапшырылсын.
Төрага | М.Ш. Аликеев |