Редакцияот 06.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXII сессиясы

2023-жылдын 6-сентябры № 6

Кайың-Суу орто мектебинин капиталдык курулушу жөнүндө

Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 28.08.2023-жылдагы №01-18/1363 чыгыш сандуу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Кайың-Суу орто мектебинин капиталдык курулушу объектиси боюнча техникалык кеңештин отурумунун 2023-жылдын 18-июлундагы протоколунун негизинде, Чаткал райондук өнүктүрүү фондунун байкоочу кеңешине сунуштоо жөнүндө кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXII сессиясы токтом кылат:

 

1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 28.08.2023-жылдагы №01-18/1363 чыгыш сандуу кайрылуусу эске алынсын.

2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Кайың-Суу орто мектебинин капиталдык курулушу объектиси боюнча техникалык кеңештин отурумунун 2023-жылдын 18-июлундагы протоколунун негизинде, Чаткал райондук өнүктүрүү фондунун байкоочу кеңешине сунушталсын .

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик

укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго тапшырылсын.

 

Төрага

М.Ш. Аликеев