Редакцияот 06.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЫРЫС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ырыс айыл кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясынын

 

2024-жыл 6-февраль №23/7

 

“Ырыс айыл аймагынын жер фондусунун инвентаризациялоонун жыйынтыгын кароо жөнүндө”

   

    Кыргыз Республикасынын Жер Кодексин, 20.10.2021-жылдагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин 20.04.2023-жылдагы №154-ни буйругу менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын жер фондуна инвентаризация жүргүзүү тартиби жөнүндөгү» Жобонун негизинде Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматы «Кыргызмамжердолбоорлоо» Жалал-Абад областтык жерге жайгаштыруу экспедициясы жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы тарабынан аткарылган Ырыс айыл аймагынын жер фондусунун инвентаризациялоонун жыйынтыгын угуп жана талкуулап, Ырыс айыл өкмөтүнүн жерге укук берүүчү комиссиясынын 29.01.2024-жылдагы №2-протоколунун негизинде, Ырыс айыл кеңеши

 

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

 

1.  Кыргыз Республикасынын Айыл чарба минситрлигинин 20.04.2023-жылдагы №154-ни буйругу менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын жер фондуна инвентаризация жүргүзүү тартиби жөнүндүгү» Жобонун негизинде Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматы «Кыргызмамжердолбоорлоо» Жалал-Абад областтык жерге жайгаштыруу экспедициясы жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы тарабынан аткарылган Ырыс айыл аймагынын жер фондусун инвентаризациялоонун жыйынтыгы бекитилсин.

 

2. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Сузак райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер жана айыл чарба маселелери боюнча туруктууу комиссиясынын төрагасы М.Мирзаевке милдеттендирилсин.

 

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет

 

Төраганын орун басары

 

Н.Аширбаева.