Загрузка документа…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-декабрындагы № 681 токтомуна)
"Элдик Курултайдын катчылыгы" мекемеси жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. "Элдик Курултайдын катчылыгы" мекемеси (мындан ары - Катчылык) "Элдик Курултай жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык Элдик Курултайдын функцияларын жана ыйгарым укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу максатында түзүлдү.
2. Катчылык өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, башка ченемдик укуктук актыларды, Элдик Курултайдын чечимдерин жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Катчылык оперативдүү башкаруу укугуна негизделген мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштеген юридикалык жак болуп саналат.
Катчылыктын уюштуруучусу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети болуп саналат.
4. Катчылыктын негизги жана жүгүртүү каражаттары, өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын банктарында алыш-бериш жана башка эсептери болот.
5. Катчылыктын мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары, бланктары жана башка реквизиттери бар.
6. Мекеменин аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Элдик Курултайдын катчылыгы";
кыскартылган аталышы: "Катчылык";
- расмий тилде: "Секретариат Народного Курултая";
кыскартылган аталышы: "Секретариат".
7. Катчылыктын юридикалык дареги: 720003, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 207.
2-глава. Катчылыктын милдеттери жана функциялары
8. Катчылыктын негизги милдеттери төмөнкүлөрдү камсыздоо болуп саналат:
1) Элдик Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча зарыл иш-чараларды жүргүзүүнү;
2) тиешелүү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо тартибин;
3) Элдик Курултай кабыл алган резолюцияларды жана башка чечимдерди ишке ашырууну.
9. Катчылыктын негизги функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Элдик Курултайдын жалпы чогулушун, Элдик Курултайдын Улуттук Кеңешинин жыйналыштарын даярдоо жана өткөрүүнү уюштуруу, Элдик Курултай тарабынан түзүлгөн жумушчу топтордун ишин камсыз кылуу, анын ичинде:
- кезектеги Элдик Курултайды өткөрүү жана иш планынын долбоорун иштеп чыгуу;
- Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоону өткөрүүгө көмөк көрсөтүү;
- Элдик Курултайдын жалпы чогулушунун, Элдик Курултайдын Улуттук Кеңешинин жыйналыштарынын күн тартибинин долбоорлорун даярдоо;
- Элдик Курултайдын жалпы чогулушунун, Элдик Курултайдын Улуттук Кеңешинин жыйналыштарынын, башка иш-чаралардын протоколдорун жүргүзүү;
- Элдик Курултайдын жалпы чогулушуна катышуу үчүн мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн чакыруу;
- Элдик Курултайдын делегаттарын каралуучу маселелер боюнча зарыл маалыматтар жана материалдар менен камсыз кылуу;
- Элдик Курултайдын жана анын органдарынын резолюцияларынын долбоорлорун жана башка документтерин даярдоо;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү менен биргеликте Элдик Курултай кабыл алган резолюцияларды аткарууну жүзөгө ашыруу, анын ичинде:
- кабыл алынган резолюцияларды тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жөнөтүү;
- Элдик Курултай кабыл алган резолюцияларды ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын даярдоо;
- аналитикалык документтерди даярдоо менен жогоруда көрсөтүлгөн иш-чаралар планынын аткарылышына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү;
- Элдик Курултай органдарына келип түшкөн жарандардын кайрылууларын кароону уюштуруу;
3) Элдик Курултайдын жана анын органдарынын коомдук уюмдар, жарандык коомдун өкүлдөрү, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу;
4) Элдик Курултайдын мыйзам чыгаруу демилгелерин илгерилетүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен өз ара аракеттенүүнү уюштуруу, мыйзам долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде сунуштоо;
5) Элдик Курултайдын регламентинин талаптарына ылайык Элдик Курултайдын өкүлү кызмат ордуна талапкерлерди Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешине тандоо боюнча зарыл болгон иш-чараларды уюштуруу, тиешелүү материалдарды Элдик Курултайдын жалпы чогулушунун кароосуна киргизүү, ошондой эле материалдарды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүү;
6) Элдик Курултайдын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдоо;
7) Элдик Курултайдын жана анын органдарынын ишин укуктук камсыздоо;
8) Элдик Курултайдын жана анын органдарынын иши жөнүндө маалымдоо;
9) Элдик Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча түшүндүрүү иштерин зарылдыгына жараша жүргүзүү;
10) Элдик Курултайдын жана анын органдарынын иш кагаздарын жүргүзүү;
11) Элдик Курултайдын жана анын органдарынын ишин камсыз кылуу боюнча милдеттердин алкагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого каршы келбеген башка функциялар.