Редакцияот 26.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2024-жылдын 26-январы № 28-18/140

 

Кайыңды айылынын түнкү жарык менен камсыз кылуу жана айылдын ички жолдорун кеңейтүү жөнүндө

Кайыңды айылынын окуучулары мектепке баруу үчүн тоо аралап жолдору жок болуп жаткандыктан айылдын тургундарынын кайрылуусунун негизинде;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кайыңды айылынын көчөлөрүн түнкү жарык менен камсыз кылуу жана жолдорун кеңейтүү максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен 500,0 миң сом акча каражаты бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Узенбековко тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

У. Кенжегараева