КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 21-декабрындагы № 112/XXVIII-28
Кредиттик чегерүүлөрдү которуу зарылчылыгы жөнүндө
Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы С.Н.Черненконун Буденовка айылынын Строительная көчөсүндөгү суу түтүктөрүн сатып алуу жана алмаштыруу зарылчылыгы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Кочкорбаев айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 70629 «Турак жай-коммуналдык чарба» (“ЖКХ”) бөлүмүнүн 2221-беренесинен - Буденовка айылындагы таза суу түтүктөрүн учурдагы оңдоо иштерине муниципалдык ишкана тарабынан берилген сметага ылайык - 77500 (жетимиш жети миң беш жүз) сом акча каражаты бөлүнсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкорбаев айылдык Кенешинин бюджет жана каржылоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Э. Токбергенов