КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 21-декабрындагы № 113/XXVIII-28
Кредиттик чегерүүлөрдү которуу зарылчылыгы жөнүндө
Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы С.Н.Черненконун негизги бюджетинен кредиттик чегерүүлөрдү которуу зарылчылыгы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Кочкорбаев айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 71092 “Социалдык камсыздоо” бөлүмүнүн 2214-беренесинен 2721-беренесине - 7,0 (жети миң) сом материалдык жардам көрсөтүүгө.
2. 70629 «Турак жай-коммуналдык чарба» (“ЖКХ”) бөлүмүнүн 2221-беренесинен 71092 “Социалдык камсыздоо” бөлүмүнүн 2721-беренесине – 14,0 (он төрт миң) сом материалдык жардам көрсөтүүгө.
3. 70911 “ДОО” бөлүмүнөн 3111-беренесинен 3112-беренесине – 211,0 (эки жүз он бир миң) сом “Нур-Наристе” мектепке чейинки билим берүү мекемесине эмерек сатып алууга.
4. 70821 “Библиотека” бөлүмүнүн 2111-беренесинен:
- 70829 “Клуб” бөлүмунүн 2111-беренесине – 10000 (он миң) сом – дем берүү үчүн;
-70829 “Клуб” бөлүмунүн 2121-беренесине – 1100 (бир миң жүз) сом – социалдык фондго.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкорбаев айылдык Кенешинин бюджет жана каржылоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Э. Токбергенов