ЭҢИЛЧЕК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН
ТОКТОМ
Эңилчек айылдык аймагынын айылдык кеӊешинин XVIII чакырылышы кезексиз сессиясы
2023-жылдын 11-августундагы № 13
Эӊилчек айылдык аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу ВАЗ-21214 «Нива» маркасындагы №0980 IK кызматтык автоунаасын Эӊилчек айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн балансынан эсептен чыгаруу жөнүндө
Эӊилчек айылдык кеӊешинин 2017 жылдын 10-июлундагы № 16 токтому менен айыл өкмөтүнө жаӊы кызматтык автоунаа алынган. Эӊилчек айылдык аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу ВАЗ -21214 «Нива» маркасындагы №0980 IK кызматтык автоунаасы 2006-жылы келген. Бул автоунаа эскиргенине байланыштуу, Эӊилчек айылдык кеӊеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эӊилчек айыл өкмөтүнө караштуу ВАЗ -21214 «Нива» маркасындагы №0980 IK автоунаасы Эӊилчек айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн балансынан 2023-жылдын 31-декабрына чейин эсептен чыгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышы Эӊилчек айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А. Усубакуновго жүктөлсүн.
Төрага | А.У. Исмаилова |