ЭҢИЛЧЕК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН
ТОКТОМ
Эңилчек айылдык аймагынын айылдык кеӊешинин XVIII чакырылышы кезексиз сессиясы
2023-жылдын 13-сентябрындагы № 15
Эӊилчек айылдык аймагында Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү жааматтардын курултайынын иш чаралардын календардык планын, уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы ПЖ №215 “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгын аткарууда Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин чечими менен бекитилген Элдик Курултайды өткөрүүнүн иш-чаралардын календардык планын жана жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүү боюнча тиешелүү аймакты бөлүктөргө бөлүү ченеми боюнча түшүндүрмөнү ишке пайдаланууга алып, Эӊилчек айылдык кеӊеши токтом кылат:
1. Эӊилчек айылдык аймагында Элдик курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча Элдик курултайы 2023-жылдын 18-ноябрында саат 10-00дө Эӊилчек айылынын клубунда өткөрүлсүн.
2. Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү жааматтардын жыйындары 2023-жылдын 25-26-октябрына өткөрүлсүн.
3. Эӊилчек айылдык аймагында Элдик курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча төмөндөгүдөй курамда жумушчу топ түзүлсүн:
1. Исмаилова Айнура Усуповна - Эӊилчек айылдык кеӊешинин төрагасы;
2. Орозобаева Оӊолкан Казаковна - Эӊилчек айылдык кеӊешинин депутаты;
3. Кыдыкеев Элдияр Бектемирович - Эӊилчек айылынын тургуну;
4. Алапаев Эрнис Мелисович - Эӊилчек айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы;
5. Асыпаев Толубай Курманбекович – Эӊилчек айыл өкмөтүнүн башкы адиси.
4. Токтомдун аткарылышы түзүлгөн жумушчу топко жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | А.У. Исмаилова |