Редакцияот 06.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXII сессиясы

2023-жылдын 6-сентябры № 8

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата улуттук “Алыш” күрөшүн өткөрүүгө түшкөн акча каражаты жөнүндө

Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 06.09.2023-жылдагы №01-19/925 чыгыш сандуу 2-пунктунда Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн атайын каражаттар эсеп-счётуна “Чаарат ЗААВ” жабык акционердик коому тарабынан райондук социалдык пакеттин эсебинен түшкөн 150 000 (жүз элүү) миң сомго кошумча план алууга жана спортсмендеге колдоо көрсөтүү жөнүндө кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXII сессиясы токтом кылат:

 

1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 06.09.2023-жылдагы №01-19/925 чыгыш сандуу кайрылуусунун 2-пункту эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Эгемендүулүк күнүнө карата улуттук “Алыш” күрөшүн өткөрүүгө Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн атайын каражаттар эсеп-счётуна 2023-жылдын 30-август күнү “Чаарат ЗААВ” жабык акционердик коому тарабынан райондук социалдык пакеттин эсебинен түшкөн 150 000 (жүз элүү) миң сомго спортсмендерге колдоо көрсөтүү максатында жана кошумча план алууга уруксат берилсин.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго тапшырылсын.

 

Төрага

М.Ш. Аликеев