КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 21-декабрындагы № 117/XXVIII-28
Кочкорбаев айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын кайра шайлоо жөнүндө
Кочкорбаев айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Асанкельди уулу Бектурсундун маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле анын Кочкорбаев айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө арызын карап, Кочкорбаев айылдык кеңешинин Регламентинин негизинде, Кочкорбаев айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Асанкелди уулу Бектурсун Кочкорбаев айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары кызматынан бошотулсун.
2. Депутат Иван Анатольевич Машкин Кочкорбаев айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары болуп бекитилсин.
3. Кочкорбаев айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Бейшебаев Таштан Марсович бекитилсин.
4. Асанкелди уулу Бектурсун Кочкорбаев айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын курамына киргизилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө өзүммө калтырам.
Төрага |
| Э. Токбергенов |