ЫРЫС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ырыс айыл кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясынын
2024-жыл 6-февраль №23/9
“Ырыс айыл өкмөтүнүн административдик имараты жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгын негизинде Кыргыз Республикасынын айыл аймактарында жүрүп жаткан административдик аймактык реформанын алкагында Айыл аймактарды ирилештирүүнүн жыйынтыгында бошотулуп жаткан Ырыс айыл өкмөтүнүн административдик имараты жөнүндө адистердин жана депутаттардын сунуштарын колдоо максатында, Ырыс айыл кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Ырыс айыл аймагынын Жар-Кыштак айылында жайгашкан жалпы орто билим берүүчү мекемелериндеги окуучу балдардын саны көп болгондуктан, ушул билим берүүчү мекемелериндеги окутуу шарттарына жана аны уюштурууда санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткарууда кыйынчылыктар жаралып жаткандыгына, Арал-Сай айылында болсо билим берүүчү мекемелердин жок болгондугуна байланыштуу, Жар-Кыштак жана Арал-Сай айылдарындагы өсүп келе жаткан жаш муундардын билим алуусуна ыңгайлуу шарт түзүү максатында, Ырыс айыл өкмөтүнүн административдик имараты бошотулган күндөн тартып айлана чөйрөсү менен кошо 0,56 га жер аянты менен №5 Бабур атындагы жалпы орто билим берүүчү мекемесине башталгыч класстарга билим берүүчү социалдык объект катары мөөнөтсүз оперативдүү башкаруу укугу менен пайдаланууга өткөрүп берилсин.
2. Ырыс айыл өкмөтүнүн административдик имараты айлана чөйрөсү менен кошо 0,56 га жер аянты менен №5 Бабур атындагы жалпы орто билим берүүчү мекемесине мөөнөтсүз оперативдүү башкаруу укугу менен пайдаланууга өткөрүп берүүнү уюштуруу жана аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Халиловко жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары |
Н.Аширбаева. |